Жамшитбек Калилов министрликтен кетүүгө арыз жазды


Транспорт жана жолдор министри кызматтан кетүүгө арызын жазды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Премьер-министр президент Сооронбай Жээнбековго министр Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди.

Кечээ, 14-декабрда мамлекет башчы министрдин ишиндеги кемчиликке карабай Коопсуздук жыйынына келип алганын сынга алып, өкмөт башчыга Калиловду жумушунан убактылуу четтетип турууну тапшырган эле.

Эске салсак, 6-декабрда Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган эле.

УКМКнын маалыматына ылайык, шектүү бул кызмат үчүн жалпы 520 миң доллар талап кылып, алгач 120 миң долларды жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн ортомчу аркылуу алган.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо