Отставкадагы милицияга кол салышты


Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Бишкектин Кызыл-Аскер кичи районунда Патриса Лумумба жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде К. Д аттуу жаранга белгисиз адамдар кол салган. Бул тууралуу өздүк булактарыбыз билдирди.

Маалыматка таянсак, отставкадагы милиционер дүкөндөн чыгып, өзүнүн унаасын көздөй басып бара жатканда «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаадан эки бала түшүп, машинага салып кетүүгө аракет кылат.

Бирок К.Д мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткендиктен алар менен мушташып, өзүн коргоого аракет кылат. Бактыга жараша көчөдөн өтүп бара жаткан адамдардын жардамы менен кол салган жарандардан кутулуп кетет. Эртеси күнү милицияга арыз менен кайрылып, соттук медициналык экспертизадан өткөн.

К.Д. өмүр боюу милиция кызматкери болуп иштеп, ден-соолугуна байланыштуу кызматтан кеткенине 10 жылдын жүзү болуп калган.

Мурунку милиция кызматкерине ким кол салгандыгы азырынча аныктала элек. Териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо