Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары тар чөйрөдө жолугушту. Фото


Тар чөйрөдөгү жолугушуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов  эки тараптуу кызматташуулардын учурдагы абалы жана чек аралык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө талкуулашты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйыны бүгүн Ош шаарында өтүүдө. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо