Кыргызстан менен Өзбекстан жол карта кабыл алды


Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш жайгашкан облустардын кеңешинин экинчи жыйыны боюнча жыйынтык протоколго жана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду.

Жол картасына соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, карантин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.

Документтерге Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол койгон.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөт башчылары чектеш жайгашкан облустардын кеңешинин биринчи жыйыны Өзбекстандын Фергана шаарында быйыл мартта өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында протокол түзүлүп, коюлган тапшырмалар мөөнөтүнөн кечиктирилбей аткарылмай болгон.

Былтыр сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде өкмөт аралык өз ара ымала жөнүндө меморандум кабыл алынган. Ага ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустарынын бийлик өкүлдөрүнүн кеңеши түзүлгөн.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо