Депутат Жээнбеков менен Атамбаевди жарашууга чакырды (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев парламенттин жалпы жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековду элдешүүгө чакырды. Эл өкүлү кайрылуусунун биринчи бөлүгүндө экс-президент А.Атамбаевге кайрылды.

Урматтуу Алмаз Шаршенович! Мурун президент деген кызматты абдан таасирдүү, таза адам деп түшүнчү элек. Кийин анын баалулуугу жоголуп, өтө кир сөзгө кошулуп калды. Манас эпосунда: Бөлүнсөң бөлөк элге жаман кеп кетет деп айтылгандай, азыр аны эмнеге унуттук. 2011-жылы президенттик шайлоодо сизди 97% менен шайладык эле. Муну менен сизди каралайын дегеним жок. Келиңиз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарбайлыбы. Сиз «Акуланы» келген президентке берип, эки тизгин, бир чылбырды бербей жатканыңызды кандай түшүнөбүз урматтуу Алмаз Шаршенович,- деп билдирди ал.

Ошондой эле ал азыркы президент С.Жээнбековго да кайрылып мындай деди:

-Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиз 6 жыл кыргызга Манас болуп келдиңиз. Бул кыска жыл. Сиздин ишиңизди эл жакшы колдоп жатат. Коррупция менен күрөштү туура жасап жатасыз. Аймактарды өнүктүрүүгө, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жакшы деңгээлде өткөрдүңүз. Анан А.Атамбаев сизге «Акуланы» мингизди. Сиздин А.Атамбаевге бербейсизби баатырлыкты. Жаңы жылда аны чакырып алып баатырлыгын берип, кучакташып бири бириңиздерди кечирбейсиздерби урматтуу президенттер! Эл ушуну кутүп жатат,- деп кайрылды ал.

Ал андан ары жаңы жылдан кийин Кыргызстанда ынтымак болушу үчүн, алардын жарашуусу себеп болорун айтып сөзүн бүтүрдү.

Эске салсак, Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңеште «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты. Ал бир жыл мурун депутат болуп келген.  Мурун ички иштер министри болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо өзүнүн партиялашы Ө.Бабановду эмес, КСДПнын талапкери С.Жээнбековду ачык колдоп, үгүт иштерине катышкан.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо