Нариман айыл өкмөт башчысынын диплому жасалма деп табылды



Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Рахмановдун юридикалык адистиги боюнча алган диплому Ош облустук соту тарабынан жараксыз деп табылды. 

Сот Рахмановдун Ош мамлекеттик юридикалык институтунан алган дипломун жасалма деп тааныды. Буга чейин документти Ош шаардык соту да жараксыз деп тапкан.

 

 

Эки инстанциянын чечимдеринин көчүрмөсүн «Т-Медиага» Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы адиси (аты анонимдүү) берди. Анын билдиришинче, азыркы айыл өкмөт башчы Улукбек Рахманов Ош мамлекеттик юридикалык инсититутту толук аяктаган эмес. Ал окуган жылдары аталган окуу жай жоюлуп кетип, 4 жылдык билими боюнча чектелип калган. Ошентсе да жогорку билимдүү деген диплом колуна тийген.

Айыл өкмөттүн мурунку адисинин айткандарын Ош облустук сотунан да тастыктады. Мекеменин маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдиргендей, Рахманов облустук сотко апелляциялык арыз менен даттанган. Анын негизинде сот дипломдун жарактуулугун карап чыгып Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

«- 2018-жылдын 3-октябрь күнү Ош шаардык сотунун өкүмү менен иш боюнча соттолуучу Р.У КРнын КЖКнын 350-статьясынын 2-беренеси боюнча күнөлүү деп табылган.  Ошол эле Кодекстин 67-статьясынын талаптарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүн өтөгөнүнө байланыштуу жаза жоопкерчилигинен бошотулган. Ош облустук прокуратурасынын доо арызы канаттандырылып, 2016-жылдын 6-июнь күнү соттолуучунун атына берилген диплом жараксыз деп табылган»,-деди Бекзат Осмонкулов.

Сотко кол топтоп арыз таштаган жергиликтүү жашоочулар «жогорку билими жок айыл өкмөт башчы кызматтан кетсин» деп талап коюшкан. Облустук сот дипломун гана жараксыз деп тапты. Ал эми кызматтан четтетүү боюнча чечим айылдык кеңештин депутаттарына жана Кара-Суу райондук администрациясынын келип такалат.

Райондук адиминистрациясынын аппарат жетекчиси белгилегендей, айыл өкмөт башчынын дипломунун жараксыз деп табылганынан акимчиликтин кабары жок. Азырынча эч кайсы органдан билдирүү келип түшө элек.

Биздин редакция диплому жараксыз деп табылган айыл өкмөт башчынын өзү менен байланыша алган жок. Буга чейин Улукбек Рахманов aimak.kg сайтына берген маегинде жогорку билими боюнча төмөнкүдөй жооп берген.

» -Жаӊылышпасам, мени төрт эле киши ар кайсыл органга утуру жазып атып, чынында мукуратышты. Бирок, биринде дагы алардын фактылары жана койгон дооматтары арык аттап суу кечкен жок! Демек, толук бойдон далилденген жок. Жөн гана нервимди жешти. Алтындай убактымды бекер гана коротушту. Мен 2010-жылы ноябрда укук, бизнес жана компьютердик технология Академиясына тапшырып, 2015-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтуна которулуп, 2016-жылы аны ийгиликтүү аяктадым. Демек, толук кандуу жогорку билимдүүмүн. Мунумду тастыктаган колумда дипломум дагы бар»,- деп айткан Улукбек Рахманов.

Улукбек Рахманов Нариман айыл өкмөтүнө жетекчи болуп 2017-жылдын 1-февралында дайындалган. Анын дипломунун жасалма экени  боюнча маселе ушул жылдын күз мезгилинен тарта көтөрүлүп келүүдө.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо