Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды (фото)



Эл аралык түрк маданияты уюмунун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйналышында Ош шаарын «2019-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланды.

Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, мындан кийинки жыйналыштын Кыргызстандын Ош шаарында боло турганын айтып,  Түрксойдун координациялык милдетин Кыргызстанга өткөрүп бергенин билдирди.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов болсо Кыргызстандын Ош шаарынын «2019 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары» болгонун жарыялап, кийинки жыйналыш Ошто боло турганын билдирди.

Шейх Шабани Вели тууралуу Кыргызстанда ар түрдүү эмгектер жасала турганын айткан «Шейх Шабани Вели тууралуу Түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаары Ошто чоң конференция өтөт. 2019-жыл Түрк элдик акыны Ашык Вейсел жана Азербайжандын атактуу акыны Имадеддин Несими жылы боло турганын Дүсен Касеинов билдирди.

ТҮРКСОЙ фотосүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы жасалган иш-чарада ТҮРКСОЙдун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги 36-жыйналышынын токтомдору жана жыйынтык декларациясына кол коюлду.

Эми жаңы жылдан баштап жыл бою ТҮРКСОЙ, Ош шаарынын мэриясы, маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте эл аралык иш-чаралар Ошто уюштурулат.

ТҮРКСОЙ тарабынан буга чейин 2014-жыл – Токтогул Сатылганов жылы, 2016-жыл – Жусуп Баласагын жылы, 2018-жыл – Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланган. Ош шаары биринчи жолу “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылды. Бугай чейин ТҮРКСОЙ Түркиянын Кастамону, Казакстандын Түркстан, Түркмөнстандын Мары, Азербайжандын Шеки, Татарстандын Казань жана башка шаарларды Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялаган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо