Президент: Текебаев мунапыс сураса берейин



Президент Сооронбай Жээнбеков камакта жаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу пикирин билдирди.

Президенттин басма сөз жыйынында айрым журналисттер Жээнбековго «саясий чөйрөдө Текебаевдин иши кайрадан каралышы керек деген сөздөр айтылып жатат, чындыкка дал келеби» деген суроо беришти. Мамлекет башчы Текебаевдин иши боюнча баардык инстанциялар бүткөнүн айтты.

«-Өмүрбек Чиркешович боюнча Жогорку Сот карап, чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Менин мунапыс боюнча гана укугум бар. Башка эч нерсе кыла албайм. Ал мага мунапыс жазса берейин», — деп сөзүн бүтүрдү ал.

Ушул тапта Бишкекте президент С.Жээнбековдун маалымат жыйыны өтүп жатат. Ага өлкө аймагы боюнча бардык ММКнын өкүлдөрү катышып суроолорун беришүүдө.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо