Жээнбеков "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы боюнча үн катты - Т-медиа

Жээнбеков «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы боюнча үн катты

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылына президент Сооронбай Жээнбековдун тиешеси жок. Муну ал Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты.

Өз сөзүндө Жээнбеков эч бир партияны бөлүп жаруу кызылыгы жок экенин белгилеп өттү. Анын ичинде КСДПны да башка партиялар менен катарлаш карап, бирдей шарт түзүшүм керек деди.

«Чынында КСДПнын бүгүнкү абалына жүрөгүм ооруп турат. Кезиндеги абдан күчтүү партиянын бүгүнкү абалынын себепкери Жээнбеков эмес. Мен ал партияда оор мезгилде мүчө болуп, жаштыгым өткөн. Эми ошол мүчөлүгүмдү президент болгондон кийин убактылуу токтоттум.  Анткени президент катары бардык партияларга бирдей карашым керек. Бирок менин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылына эч тиешем жок»,-деди Жээнбеков.

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылын  былтыр партиянын катарынан чыгарылган  Сагынбек Абдрахманов жетектеп жүрөт. Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» деген чакырык менен Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Талас облустарында жыйындар уюштурулган.

28-ноябрда Ирина Карамушкина Бишкектин Свердлов районунда өткөрүлүп жаткан “Атамбаевсиз КСДП” жыйынына барып, конференцияны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. Кийинчерээк парламент жыйынында Алмазбек Атамбаев менен иштешүүнүү каалабагандар КСДП партиясынан чыгып кетүүгө чакырган эле.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо