Ошто адвокат сабалды. Окуянын чоо-жайы


Көз карандысыз адвокат Айсалкын Карабаеваны сабап кетишти. Окуяга Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын тиешеси бар деп айтылып жатат. 

«Т-Медиага» Карабаева билдиргендей, 17-декабрда Кара-Суу райондук сотунда Папан айыл өкмөтүнүн жетекчиси Эрматбек Исмаилов менен жоопту адиси Рада Самиеванын соттук иши каралган. Соттон чыккандан кийин далдоо жерде күтүп турган бейтаныш 4-5 адам  жакалап сабап салган.

Ур-токмоктон кийин жактоочу дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага баш мээси чайкалган деген диогноз коюшкан. Бейтапканада жатканына азыр 4 күн болду. Учурда абалы дурус.

Кара-Суу райондук администрациясы адвокаттын айткандарын четке кагат. Мекеменин юристи Айзада Дүйшөналы кызынын билдиришинче, ошол күнкү сот жараянында милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жүрүшкөн. Ал жерде адвокатты сабап салуу мүмкүн эмес.

«Сотко райондук администрациянын юристи катары катыштым. Соттук отурумда айыл өкмөт башчы менен адвокаттын ортосунда эч кандай кайым айтышуу болгон эмес. Соттон чыгышканда эки тарап кайым айтыша кетишкен. Бирок эч ким адвокатка кол көтөргөн эмес»,- деди Айзада Дүйшөналы кызы.

Райондук администрация эки тарап жөн гана айтыша кеткенин төмөнкү видеодон далил катары көрсөтүшөт:

Ал эми Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаилов өзүнө коюлган айыпты төгүнгө чыгарат. Айсалкын Карабаеванын сабалышына тиешеси жоктугун айтып, күнөлүү эмес экенин билдирди.

«Сабагандар менин тарапташтарым эмес. Айсалкын Карабаева бирөөдөн карыз экен. Карызын сурап барганын көргөмүн. Алар карызыңды бер деп сураган. Сабагандарды тааныбаймын. Алар Папандыктар эмес. Бир эркек киши менен аял киши карызыңды бер деп эрчиген. Башка эч нерсе билбеймин. Мен кетип калган болчумун»,-деди Эрматбек Исмаилов

Иштин чоо-жайын милиция териштирип жатат. Доогер Айсалкын Карабаева окуя катталган күнү эле облустук ички иштер башкармалыгына кайрылган. Азыр соттук медициналык экпертиза дайындалган.

«Бизге 17-декабрда кайрылыптыр. Азыр ошол күнөлүү деп айткан адамдарды чакырып сурак кылып жатат. Экспертизанын жыйынтыгы 10 күндөн кийин чыгат. Анан ошого карап, кылмыш иши козголот. Сабады деген адамдар биз урган жокпуз деп жатат. Аны далилдөө үчүн процесстер керек«,-деди Жеңиш Аширбаев

Эске сала кетсек, Айсалкын Карабаева бир жылдан бери Папан айыл өкмөтүндө жер сатуудагы жемкорлук боюнча даттанган тургундардын укугун коргойт. Жер сатууга байланыштуу Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаиловго иш козголуп, кызматтан убактылуу четтетилген.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо