Жаңыланган банкноталар жүгүртүүгө чыкты. Сүрөт - Т-медиа

Жаңыланган банкноталар жүгүртүүгө чыкты. Сүрөт

 Улуттук банк жаңыланган 20 жана 5000 сомдук банкноталарды жүгүртүүгө чыгарды. 

Бүгүндөн тартып жүгүртүүгө чыгарылган банкноттор 2016-жылдагы үлгү менен жасалган. Улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноталар эски үлгү менен жаңыртылган. 

 Төмөнкүдөй жаңыланган:

· Классикалык ыкма менен даярдалган, даана так көрүнгөн портрет. 

· MASK-элементи. Жарыкка салып кароодо «сом» деген сөз көрүнөт (5000 сом банкнотунда гана). 

· Чыгарылган жылы: 2016. 

Жаңыртылган банкноталар жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот. 

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статуска ээ жана чыгырылган жылына карабай төлөм каражаты катары кабыл алынууга тийиш.  

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо