Таласта жашылчаларды консервациялаган цех ачылды


Талас облусунун Кара-Буура районунда мөмө-жемиш жана жашылчаларды консервациялаган цех ишке берилди. 

Консервациялоочу цех Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүндө ачылды. Өндүрүштүк ишкананы эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы менен биргеликте курган.

Аталган цех — аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумуш ордун түзүүгө багытталган.

Учурда цехти иштетүүгө 8 адис долбоордун негизинде окутулган. Кийинки жылдан тарта цехке керектелүүчү азык-түлүктөрдү сапаттуу өстүрүүчү адистер даярдалат.

Кичи ишкананын ачылышына Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышып, «Цехтин мындан ары ийгиликтүү иш алып кетүүсүнө министрлик дайым көмөк кылат»,-деп эмгек жамаатына ийгилик каалады.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо