«Дарак ыры» тасмасы АКШда кинофестивалга катышат


Режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы АКШда өтө турган World cinema now аттуу XXX эл аралык кинофестивалына катышат.

Кинофестивал 2019-жылы 3-14-январь күндөрү АКШнын Калифорния штатынын Палм-Спрингс шаарында өтөт. Анын алкагында жыл ичинде дүйнөдөгү кинематографисттердин мыкты эмгектери тандалып, 135 миңге жакын көрүүчү топтой алат.

Бул жылкы кинофестивалдын программасына 78 өлкөдөн 200дөн ашуун тасма кирген.

Аталган кинофестиваль 1990-жылы Палм-Спрингс шаарынын ошол кездеги мэри Сонни Бононун демилгеси менен негизделип, жыл сайын өтүп келет.

Эскерте кетсек, тасманын бет ачары быйыл 28-февралда болгон.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо