«ХБКовская Бема» камакта калды


Социалдык тармактарда «ХБКовская Бема» деген лакап менен таанылган өспүрүм кыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалат.         

Ош шаардык соту каракчылыкка шектелип кармалган «ХБКовская Бема» жана анын шериктеринин баш коргоо чарасын карады. Натыйжада, 2001-2003-жылдары туулган 2 кыз бир жигит 1 айга, 2000-жылы туулган дагы бир бала менен 1 кыз 2 айга камакта кармоого санкция берилди.

23-декабрь күнү Ош шаарынын А.Масалиев кѳчѳсүндѳ 21 жаштагы аялдын үйүнѳ каракчылар тобу бастырып киришкен. Батир ээсине бычак такап коркутушуп, үйүнѳн 1500 АКШ доллар акчасын, кымбат баалуу “Айфон-6” үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, 13 000 сом акчасын, баасы 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын карактап кетишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы карактоого шектеп беш өспүрүмдү кармаган. Окуя боюнча КРнын кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча иш козголгон.

«ХБКовская Бема» лакаптуу кыз буга чейин өспүрүмдү ур-тепкиге алган видеосу менен социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Токмоктолгон кыздын ата-энеси арыз жазуудан баш тартып кылмыш иши козголгон эмес.

Милиция катталган фактынын негизинде териштирүү жүргүзүүдө.  Тиешелүү материалдар жакында сотко өткөрүлүп берилет.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо