31-декабрда кандай аба ырайы күтүлөт?



Жылдын акыркы күнүндө өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлүүдө. 

Кыргызгидрометтин билдиришинче, 31-декабрда күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Анын ичинде борбор калаа Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаап, карга айланат.

1-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо