Орусиядагы кырсык. 3 адам өлүп, 79 адам дайынсыз(фото)



Орусиянын Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында турак-үйдүн бир тарабы кулап, кеминде 3 адам каза тапты. Дагы 79 адам белгисиз.

Бул тууралуу Челябинск облусунун губернатору Олег Климов жергиликтүү журналисттерге билдирген. Алдын ала божомол боюнча, подъезд батирлердин биринде ички газ жарылгандан улам кыйраган.

Федералдык коопсуздук кызматынын билдиришинче,  окуя жергиликтүү саат боюнча 31-декабрда таңкы саат 4:00 катталган. Көп кабаттуу үйдүн бир тарабы толугу менен кулаган. Урандыларынан 10 киши куткарылган. Үч кишинин абалы оор.

Көп кабаттуу үйдө жашаган дагы 79 адам белгисиз бойдон. Окуя болгон жерге 469 куткаруучу жиберилген. Кырсык болгон 48 батирлүү үйдө  жалпы 110 адам жашаган. Калган подъезддерде жашаган жашоочуларды эвакуациялоо иштери жүрүп жатат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо