2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат



2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Президент 2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганын жана негизги иш аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.

2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат.

Ал белгилегендей, кийинки жылдары өлкөнүн бардык региондорунда бүткүл өлкөнүн масштабында жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берүү керек.

«-Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», — деп белгиледи президент.

Санарип технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилет. «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору сөзсүз ишке ашырылат.

Мамлекет башчысы «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөрүн эске салды.

«-Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт. Керектүү маалыматты чиновник өзү таба турган болот. Бул жашоонун бардык тармактарына тиешелүү, анын ичинде адамдын соттолбогондугу тууралуу справка алуу, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо да электрондук форматка которулат», -дейт ал.

Ошондой эле президент 2019-жылды „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыялоо боюнча  Жарлыкка ушул жумада кол коюларын билдирди.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо