Айылды тандаган дарыгер
Тоолуу айылды тандаган жаш дарыгер
Аравандык жаш дарыгер Адахан Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштейт. Адахан жашаган айыл менен жумуштун аралыгы 100 чакырымга чамалайт. Өмүр сакчысы тоолу аймакка келүүсүнүн себеби, бул аймакта дарыгерлердин аздыгы болду. Андыктан жаш адис тажрыйба алуу үчүн алыскы айылда иштөөнү макул көрдү.
Адахан Абдиев: Мен өзүм терапевт болуп иштейм, бирок бул жерде ар кандай оорулар келет, жаш балдар келет кээде төрөт келип калат.Баарын эле жалпы карайбыз өтө оорлорду тез жардам менен Ошко жөнөтөбүз. Бул жактын шарты оор менин ишимдин башка дарыгерлерден негизги өзгөчөлүгү ошол
Айылдык бейтапкананын адистеринин айтымында 1993-жылдан бери бейтапкана абдан оор күндөрдү башынан өткөргөн. 15 000ден ашык калкты тейлеген оорукана 1 эле дарыгер менен калган учурлар көп эле болгон.
Айчүрөк Молдоматова: 1993-жылдан бери алганда жаш дарыгер башка жактарга кетип калып,бул жерде жалаң гана карыган мед кызматкерлер калган эле. 2017-жылы бизге 2 врач келген бири кардиолог бири терапевт Алар келгенге чейин биздин адамдарыбыз көбүнчө шаарга барып дарыланып келишчү. Эми азыр антип кыйналышпайт. Ушул жерге келип көрүнүп дарыланып кетишет
Дале болсо дарыгер жетишсиздиги күч
Айылдык бейтапкана 25 орундуу болуп, төрөт бөлүмү да камтылган. Тоолу аймакта оорулуулардын саны көп болуп 30-35 бейтап жаткырылган учурлар көп эле болот. Мындан сырткары дарыгер жетишсиздиги тоолу аймакта дале күч бойдон турат.
Дале болсо дарыгер жетишсиздиги күч
Айылдык бейтапкана 25 орундуу болуп, төрөт бөлүмү да камтылган. Тоолу аймакта оорулуулардын саны көп болуп 30-35 бейтап жаткырылган учурлар көп эле болот. Мындан сырткары дарыгер жетишсиздиги тоолу аймакта дале күч бойдон турат.
Шумкарбек Маткулбеков
Папан аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисинин милдетин аткаруучу
Бизге эң керектүү адистиктер жетишпейт. Биринчиден акушер гинеколог керек, бул кесип өтө керек кесиптерден. Ошон үчүн акушер гинеколог болсо жакшы болмок, анан дагы балдар дарыгери да керек. Эми көп болбосо да бирден болсо биздин шартка байланыштуу болот эле.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дарыгер депозити системасы түзүлгөн
Дарыгердин депозити аз болууда
Жаш дарыгердин жатар жери да бейтапкана
Жаш адистин тамактануучу жайы, ажаткана жана жатаканасы да ушул бейтапканада жайгашкан. Андыктан бул жай жаш дарыгерлердин турак үйү да болуп калды.
Өлкө аймагында 1500 чамалуу үй-бүлөлүк дарыгер жетишсиз. Аймактарда жаш адистер үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүктөн көпчүлүгү айыл жергесине барышпайт. Мындан сырткары айлык маянанын аздыгы да бул тармактагы адистерди түйшөлтүп келет. Мына ушул сыяктуу себептерден улам адистердин жетишсиздиги күч бойдон калууда.