Президент жарыялаган жыл максатына жетеби? Эксперттин пикири - Т-медиа

Президент жарыялаган жыл максатына жетеби? Эксперттин пикири

Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады. Расмий жарлыкка ушул жумада кол коюлушу күтүлүүдө. 

«Региондорду өнүктүрүү» — элет жерлериндеги шарттарды жакшыртууга багытталса, «Өлкөнү санариптештирүү» — мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаңы технологияларды пайдалануу максатын көздөйт.

Талдоочулар быйылкы жарыяланган жылдын аталышы боюнча түрдүүчө  баа беришүүдө. Айрымдары былтыркы жылдын аталышы быйылкыга камтылып кеткенин колдосо, кээ бирлери аткарылышына ишенбейт.

«Т-Мedia Group» коомдук ишмер жана экономикалык серепчи Эркин Абдыразаковдун пикирин сурады. Эксперттин маегин төмөнкү видеодон көрө аласыз.

Былтыр Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланган. Негизги иш аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган болчу.

 

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо