Манас Ниязов көк бөрүдөгү формасын аукционго койду



Белгилүү улакчы Манас Ниязов өзүнун көк бөрүдөгү формасын аукционго койду. Бул тууралуу балбан t-mediaга кабарлады.

Анын айтымында өткөн жылдагы көчмөндөр оюндарында кийип чыккан формасы аукционго койулган. Аукцион көк бөрү федерациясынын Инстаграмдагы баракчасында жарыяланган. Баштапкы баа 2000 сом болсо, учурда улакчынын формасынын баасы 40 500 сомдон ашты. Улакчы аукцион тууралуу ой бөлүштү.

«Мындай идеа бизден чыкты, федерациядагы Султан деген байке менен сүйлөшүп экөөбүз аукционго койдук. Азырынча канча болгонун карайлекмин, аукцион дагы 2-3 күн болот. Форманы сатып алган адамдын акчасын Дастанга жардам катары бермекчи болгонбуз»,-деди Ниязов.

Дастан өткөн жылы көк бөрү боюнча Чүй облусунун биринчилиги өтүп жатканда аттан жыгылып кырсыктаган. Андан бери жаш улакчы бутуна тура элек. Дастан Жакеев Чүй облусунун тургуну 1999-жылы туулган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо