Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт



Кыргызстанда эл аралык талаптарга дал келген жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт. Азыр анын эскиздери иштелип чыкты.  

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү боюнча даярдыктарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп талкуулады.

Анда маалым болгондой, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбага дал келген жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталат.

Күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн болбогон жогорку сапаттагы пластиктен жасалып, 10 жылдык мөөнөткө берилет. Ал ыктыярдуу түрдө алмаштырылып, эски үлгүдөгүлөрү мөөнөтү бүткүчө жарактуу саналат.

Мындан сырткары айдоочулук күбөлүктү жана атайы бланкалык продукцияны персонификациялоо иши жеке компаниядан мамлекеттик мекемеге өткөрүлөт. Анда атайын бланктын баасы болжол менен 40-50%га арзандайт .

 

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо