Ооганстанга жети өлкө колдоо көрсөтөт



12-13-январь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында «Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу» аттуу жыйналыш болуп өттү. Анда  коопсуздук, транспорт, жүк ташуу, энергетика жана инвестиция боюнча Ооганстанга колдоо көрсөтүү боюнча маселелер каралды.

Максаты Индия-Орто Азия-Ооганстан өлкөлөрүнүн достук карым-катнаштарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо. Жыйналышта актуалдуу маселелер ортого коюлуп, чечүү жолдорун биргеликте кабыл алышты.

Орто Азия өлкөлөрүнүн транзит жана жүк ташуу потенциялын арттыруу, Индиянын эл аралык транспорт жана транзит коридорунун түзүлүүсү боюнча Ашкабат келишимине кошулуу боюнча сунуштар айтылды.

Жыйналышка катышкан министрлердин Ооганстандын кайрадан өнүгүүсүн жана өлкөдө тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышын колдоого ала турганы билдирди.

Бул жыйналышка 7 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышты.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо