Оорулуу балдардын ата-энелерине айлык кантип чегерилет? Адис түшүндүрөт. Видео



Жаңырган жылдын 1-январынан баштап тынымсыз кароого муктаж балдардын ата-энелерине маяна чегерүү боюнча токтом күчүнө кирди. Азыр тийиштүү документтерди кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө. 

Документтер социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында кабыл алынат. Оорулуу балдарды баккандар керектүү кагаздарды тапшыргандан кийин айлык ала баштайт.

Маяна алууга кайсы документтер керектелет? Төмөнкү видеодо адис түшүндүрүп берет.

Тынымсыз кароого муктаж балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү боюнча жобо ноябрда бекитилген. Өлкөдө 30 миңдей майып бала катталган болсо, анын 6000нин гана ата-энесине айлык чегерилет.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо