Ошто соодагерлер президентке кайрылды. Видео



Ошто аллеянын курулушуна нараазы болгон соодагерлер президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

Сатуучулар мамлекет башчыга укук коргоо органдары тарабынан ыдык көрсөтүлүп жатканын айтып даттанышты. Соодагерлердин билдиришинче, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери 14-декабрга белгиленген маалымат жыйынды өткөрүүгө бут тосушкан.

Кулатов кичи районундагы базарда сатуучу болуп иштеген Айтолкун Жусупова укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйүмө кирип коркутту деп билдирди.

Сатуучу Гулзада Токтоматова да коркутуулар болуп жатканын айтып, шаардык мэрия жаңы жумуш орун түзүп берүү жөнүндө конкретүү сунуш айта электигин билдирди. Эгер соода түйүндөрүн алып салса, өзүнө бензин чачып өрттөй турганын айтты.

Ал эми Ош ШИИБнын маалымат кызматы Замир Сыдыков бул маалыматтарды четке какты. Соодагерлер соода түйүндөрүн сактап калуу максатында ушундай жолго барып жатат деп билдирди.

«Ош ШИИБнын кызматкерлери Кулатовдогу кичи базарчаны бузуп жаткан учурда жарандардын ар бирине жолугуп, сквер курула турганын түшүндүргөн. Кандайдыр бир провакациялуу иштердин болуп кетүүсүн эске алуу менен түшүндүргөн. Эч кандай мыйзамды бузуу болгон эмес. Эгер чындап эле милиция кызматкерлери аша чаап, алардын укуктарын чектеген болсо көзөмөлдөө органдарына кайрылса болот»-, деди Замир Сыдыков.

Эскерте кетсек, Кулатов кичи районунда узундугу 850 метр, туурасы 15-18 метр болгон аллея курулганы жатат. Учурда бузуу иштери уланып, соодагерлердин нараазычылыгын жаратып жатат. 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо