Камсыздандыруу төгүмдөрүн салык кызматы кабыл ала баштады. Видео



15-январдан тарта мамлекеттик салык кызматы  камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алууну баштады. 

Камсыздандыруу төгүмдөрдү тейлөө социалдык фонд кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. 240 адис 1-июлга чейин мамлекеттик салык кызматына функцияларды өткөрүп берүү процессин жеңилдетүү максатында тартылган.

Анын ичинен Ош шаардык салык башкармалыгына социалдык фонддон 11 кызматкер бөлүнгөн. Азыр алар салык кызматкерлери менен биргеликте камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алып жатат.

Азырынча жаңыдан өткөн функцияны ишке ашырууда көйгөй жок. Иш нугунун жүрүшүн Ош шаардык салык башкармалыгынын сектор башчысы төмөндөгүдөй айтып берди.

Өкмөт камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын социалдык фонддон мамлекеттик салык кызматына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Максаты салык төгүчүлөрдүн убакытын үнөмдөө жана аларга жеңил шарт түзүү болуп эсептелет.

Буга чейин камсыздандыруу төгүмдөрдүн Бишкек шаарындагы Октябрь району жана Чүй облусундагы Сокулук районунда салык кызматы пилоттук негизде ишке ашырган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо