Өмүрбекова: жарандык коом институттарын өнүктүрөбүз



Мамлекеттик органдар жана коомдук кеңештердин ыраттуу иш алып барышы жана жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу максатында жарандык коом институттарынын өнүгүүсүнө көңүл бурулат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коомдук кеңештин жыйынында билдирди. 

Өмүрбекова коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын ишине жардам берип,  коррупция маселесин чечүүгө жардамын берип жатканын айтты. Алар мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөшү болуп калганын билдирди.

«Активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттарды чыңдоо, алардын ишинин айкындыгын жана натыйжалуугун камсыздоо жаатында өз ордун тапты. Өз кезегинде Өкмөт да бардык мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып баруусу үчүн чыгууда. Акыркы жылдардын практикасы коомдук кеңештер тутумун өнүктүрүү жана өркүндөтүүнүн актуалдуулугун көрсөтүүдө. Маанилүү жана керектүү жарандык демилгелерди талкуулоо жана алга жылдыруу боюнча башталган ишти улантуу зарыл. Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөшү жана көмөкчүсү болуп калуусу тийиш», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал коомдук кеңештерди түзүүнүн тажырыйбасын, ар тараптуу талдоо жүргүзүп, алардын милдеттерин жана укуктарын баалоо өзгөчө маанилүү экендигин кошумчалады.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо