Мамлекеттик кызматкерлердин кошумча иштөөсүнө жол ачылды



Президент Сооронбай Жээнбеков “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ал мамлекеттик кызматкерлерге ыктыярдуу патент аркылуу кошумча иштөөсүнө жол ачат. 

Мыйзам конституциялык укук жана салык кодекси ортосунда карама-каршылыкты жоёт. Анын негизинде  мамлекеттик кызматкер негизги ишине тоскоолдук жаралбаса маданий, илимий жана педогогикалык ишмердүүлүк жүргүзө алат.

Өзгөртүүлөргө ылайык «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» жөнүндөгү мыйзамында каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы кошумча төлөнүүчү кесиптик чөйрөдөсүндө ыктыярдуу патенттин негизинде иш алып барууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин мамлекеттик кызматкер патент алган учурда салык кызматында автоматтык түрдө жеке ишкер катары катталып, мамлекеттик кызматын тапшырууга туура келчү.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо