Күйүүчү май арзандай баштады


Ошто күйүүчү майдын баасы түшө баштады. Арзандоо өткөн айдан бери байкалып жатат. 

Бул тууралуу «Т-Медиага» монополияны жөнгө салуу агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Жанболот Айбайшов билдирди. Айтымында, 2018-жылдын декабрь айынан бери күйүүчү майдын баасы 1 сом 50 тыйынга арзандады.

Айбашов белгилегендей, дизелдик май 48 сомго чейин көтөрүлгөн болсо, азыр 46 сомго түштү. АИ-92 бензини 1 сомдун тегерегинде төмөндөсө,  АИ-80 бензини 2 сомго чейин арзандады.

«Орусия күйүүчү жана майлоочу майды кошумча алымы жок ташууга уруксат бергенден кийин баалар  түшө баштады. Азырынча дагы канчага арзандайт же ушул баа туруктуу кармалабы деген суроого жооп берүү кыйын»,- деди Жанболот Айбашов.

Өткөн жылдын соңунда Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген. Түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстан Орусиядан 1 миллион тоннага жакын күйүүчү жана майлоочу майды кошумча алымы жок ташый алат.

Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет. Өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташы өткөн жылдын башынан баштап байкалган.

 

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо