Президент «Ак шумкарларды» 1/8 финалына чыгышы менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын Азия Кубогунун 1/8 финалына чыгышы менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоо телеграммасында Филиппиндин командасы менен өткөн оюн чечүүчү болгонун белгилеп, кыргыз футболунун өнүгүүсүн жаңы баскычка көтөрө алганын айткан.

«Биздин команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионаттын 1/8 финалына чыкты. Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Александр Сергеевич, жигиттер, силер — өз эмгегиңиздер жана аракетиңиздер менен Кыргыз Республикасынын намысын коргоп жаткан өлкөбүздүн чыныгы мекенчил азаматтарысыздар! Эң сонун оюн, бизге жакшы маанай, кубаныч жана бакыт, биздин жигиттер, команда жана бүт өлкө менен сыймыктануу сезимин тартуулаганыңыздар үчүн Сиздерге Кыргызстан элинин атынан алкыш айтам»-, деп белгиленет  Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Президент алдыда дагы жооптуу оюндар бар, биз силерге ишенебиз.  Жараткан баарыбызды колдосун. Келерки оюндарда сиздерге жеңиш каалайм деп кошумчалаган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо