Жапалакта тургундардын электр көйгөйү чечилди


Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгында 8 участкада тургундардын электр энергиясына байланыштуу муктаждыгы чечилди. Мурдараак алар шаар бийлигине кайрылган.

Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, Ош райондук электр тармактары айылдык аймактын бардык айылдарын кыдырып чыгып, алардын муктаждыктарын чечүү аракеттерин көрүштү.
Жапалак айыл аймактык башкармалыгында аткарылган иштер тизмеси:
1. Дөң-Абыт жаңы конушунун тургундары үчүн өзүнчө кубаттуулугу 160 кВА болгон көмөк чордон орнотулду. Узундугу 0,4 км болгон 6 кВ аба чубалгысы тартылып, 0,4 кВ чыңалуудагы аба линиясына 10 даана темир-бетон мамычалары орнотулду.
2. Атабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн электр камсыздоосун жакшыртуу үчүн кошумча кубаттуулугу 160 кВА көмөк чордону узундугу 0,6 км аба чубалгысы менен курулуп, ишке берилди. Эски көмөк чордондон керектөөчүлөр бөлүнүп жеңилдетилди.
3. Мээркан жаңы конушунун жашоочулары үчүн кубаттуулугу 100 кВА көмөк чордон орнотулуп, 0,75 км узундуктагы 0,4 кВ аба чубалгысы тартылып ишке берилди.
4. Нак-Бак жаёы конушунун жашоочулары үчүн узундугу 1,9 км аба чубалгысы тартылды.
5. Гулбаар-Төлөйкөн айылынын жаңы конушунун тургундары үчүн узундугу 0,6 км болгон 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысы тартылды.
6. Татар айылынын тургундарына узундугу 0,65 км болгон 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысы тартылып, ишке берилди.
7. Абжалов, № 84, 85 көчөлөрүнүн тургундарына өзүнчө 160 кВА кубаттуулуктагы көмөк чордонун орнотулуп ишке киргизилди.
8. Төлөйкөн айылынын Базаров жана Мамытов көчөлөрүнүн жаңы конуштары үчүн 17 даана темир-бетон мамычалары орнотулуп, аба чубалгылары тартылды.

Буга чейин Оштун калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовго Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары электр энергиясына байланышкан бир көйгөйлөрүн айтышкан.

Эске салсак, Жапалак айыл башкармалыгында 13 айыл бар жана 29 миң 675 адам жашайт.

Мындан сырткары Ош шаарынын Достук, Ак-буура, Курманжан-датка аймактык кеңештеринин да электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөрү чечилген.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо