Индияда чочко тумоосу күч алды



Индияда жылдын биринчи 13 күнүндө чочко тумоосунун айынан 50гө жакын адам каза тапты. Бул тууралуу «Hindustan Times» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Индиянын улуттук ооруларды текшерүү борборунун маалыматы боюнча өлкөдө жаңырган жылдын 13-январына чейин 1694 киши чочко тумоосуна чалдыккан. Алардын ичинен 49у каза болгон.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырганда 798 бейтапка  же эки эсеге көп. Чочко тумоосунан чалдыккандар Дели, Гужарат жана Харяна аймактарында көбүрөөк болгон.

Чочко тумоосуна каза болгондор Ражастан аймагында көп катталган. 789 киши  чочко тумоосу менен ооруган аймакта 31 киши көз жумган.

Индияда өткөн жылы 15 миңге жакын киши чочко тумоосу менен катталган.  Чочко тумоосу деп билинген H1N1 вирусунан улам жалпы 1103 киши каза болгон.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо