Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 47 млн сомго толукталды



Коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында каржы министрлигинин бирдиктүү депозиттик эсебине 46 млн 909 миң сом өлчөмүндөгү каражат которулду.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан билдиргендей, каражаттар комитеттин 22-январдагы токтомунун негизинде которулган.

Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан бери 241  млн 815 миң 287  сомду түздү.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо