Ош мэриясы: соода күркөлөр «Газпромдун» өтүнүчү менен сүрдүрүлүүдө



Ош шаарынын Кулатов кичи районундагы соода түйүндөрүн бузуу иштери мыйзам чегинде жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Мэриянын билдиришинче, калаа жетекчилиги Ош облусунун райондор аралык сотунун аныктамасына каршы иш алып барган жок. Соода түйүндөрүн бузуу боюнча мэриянын чечими токтотулуп, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын катынын негизинде сүрдүрүү иштери жүрүп жатат.

«Ош облусунун райондор аралык сотунун аныктамасы менен бүгүн таанышып чыктык. Соттун аныктамасын аткардык. Азыр бузуу иштери мэриянын токтому менен эмес, Газпром Кыргызстан компаниясынын  каты менен болуп жатат. Кулатовдогу газ түтүктөрүн алмаштыруу керек. Эртең аллея кургандан кийин кайра бузбайбыз. Аллеянын астында калып кетиш керек«,-деди мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын каты

Ош мэриясы Кулатовдогу аллея курулчу жердеги соода түйүндөрүн бузуу иштери 12-январда башталган. Ага макул болбогон соодагерлер сотко кайрылып, Ош облусунун райондор аралык соту курулуштарды сүрдүрүүнү ушул жылдын 30-январына чейин убактылуу токтотуу боюнча аныктаманы кечээ берген.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо