Транспорт министрлигине Жанат Бейшеновдун талапкерлиги жактырылды


Жогорку Кеңештин тармактык комитети  транспорт жана жолдор министрлигине Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды.

Жанат Бейшеновду транспорт жана жолдор министри кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Анын талапкерлиги  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  ушул аптанын шаршембисинде каралат.

Бейшенов 2006 – 2007-жылдары  транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп иштеген. 2014-жылы премьер-министрдин кеңешчиси, ал эми 2017-жылдан тарта Евразиялык экономикалык кеңештин Транспорт жана инфраструктура департаментинин темир жол бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Транспорт жана жолдор министринин орду өткөн жылдын 15-декабрынан бери бош турат. Мурдагы министр Жамшитбек Калилов декабрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Калилов «ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарын жактап чыккандан кийин сынга кабылган.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо