Баткен облусунда жер титирөө катталды


Баткен облусунда күчү 3 балган жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди. 

Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 22-январда болжол менен саат 17:00дө катталган.

Жер титирөө Баткен районунун Кара-Булак, Газ айылдарында 3 баллга, Бужум айылында 2,5 баллга жана Баткен шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Окуядан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо