Өмүрбекова: шарты оор балдардын маалымат базасы иштелип чыгат


Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жашоо шарты оор балдардын электрондук маалымат базасын иштеп чыкчу жумушчу топ түзүүнү тапшырды. 

Өмүрбекова ата-энесинин кароосуз тарбияланган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга зомбулук көрсөтүү учурунда маалымат базасы ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөрүн билдирди. 

«Жашоо шарты оор балдарды коргоо топтомдуу мүнөздөгү тейлөөлөрдү көрсөтүүнү камтыйт, буга байланыштуу маалымат базасы балдар менен өз ара аракеттешкен социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы министрликтер жана ведомстволорго, ички иштер органдары жана каттоо кызматтарына жеткиликтүү болушу керек», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Өмүрбекова кошумчалагандай, электрондук базанын модулун иштеп чыгууда балдар жөнүндө маалыматтын жашырындуулугун камсыз кылуу эске алуу зарыл экенин айтты.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо