Мас айдоочуларга каралган жазаны өзгөртүү сунушталды



Бүгүн парламентте 1-январдан күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдарга өкмөт киргизип жаткан өзгөртүүлөр каралып жатат. 

Жыйындын жүрүшүндө депутат Кубанычбек Нурматов «Бузуулар» кодексиндеги мас абалда унаа башкарган айдоочуларга жаза чийки иштелгенин айтып, өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Депутаттын белгилешинче, мас абалында машине айдагандарга айып пул салып коюу жетиштүү эмес. Акчалай жазанадан сырткары айдоочулук күбөлүгүн алып, 1 жылдан 5 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратуу натыйжалуу болмок.

«Акчалай айып менен чектелүү туура эмес. Колунда барлар ичип алып 17 500 сом төлөп жүрө беришет. Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү алып салууну сунуштайм. Андан сырткары, айып пулдун көлөмүн жеке жана юридикалык жактарга өзүнчө белгилебей, бирдиктүү баа койгон туура болот. Анын ордуна СОЮЗ маалындагыдай иштеген мекемесине этикасын кароо бобюнча билдирме берүү максаттуу«,-деди Кубанычбек Нурматов.

Жаңырган жылдын 1-январында күчүнө кирген «Бузуулар» жөнүндөгү кодекси боюнча мас абалында машине айдагандар 17 500 сом, юридикалык жактар 55 миң сом айып пулга жыгылат.

Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт. Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айыппул каралган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо