Ош: Муниципалдык автотоктомонун баасы талкууда



Оштун борбордук базарында муниципалдык автотоктомолор үчүн алынып жаткан акы мыйзамдын чегинде жүрүп жатат.  

Шаардык монополияга каршы агенттигинин кызматкери Исматтила Сатимбаев билдиргендей, Оштун борбордук базары өзүн өзү каржылган муниципалдык ишкана болгондуктан парковкалар үчүн акы алынат.

«-Монополияга каршы агенттиги  борбордук базары менен келишим түзүп кол коюп бергенбиз. Акы алып жатканы мыйзамдуу. Булар өкмөттөн акча албайт. Автоунаалардан акы топтоп, өзүн өзү каржылайт. 20 сомдон акы алып жатканы мыйзамдуу«,-деди Исматилла Сатимбаев

Социалдык тармактарда Оштогу муниципалдык автотоктомолор акысыз болсун деген мэриянын буйругун эске алып, борбордук базардагы автотоктомо үчүн алынып жаткан акыны сындап чыгышты.

Эске сала кетсек, 5-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муниципалдык автотоктомолор акысыз болсун деп буйрукка кол койгон.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо