Россияда аскердик учак кулады


Россиянын Мурманск аймагында аскердик учак коноордо кырсык болуп экипаждагы эки киши каза тапты.

РИА маалымат агенттигинин маалыматына караганда Мурманск аймагында Оленогорск аба майданына  Ту-22М3 үлгүсүндөгү бомбардир учагы катуу конгон.

Учактын ок-дарысыз учканы белгиленип, кырсыктан 2 экипаж каза болгону, 2 кишинин жаракат алганы маалымдалды.

Өзгөчө канат түзүлүшүнө ээ болгон Орусиядан чыккан Ту-22М3 үлгүсүндөгү бомбардир учагы алыс аралыкка учуу жана суперсоник өзгөчөлүккө ээ экендиги белгилүү.

Өткөн аптада Орусиянын чыгыш жагында Япон деңизинин үстүндө эки Су-34 согуштук учактары кагылыша кетип кулап түшкөн.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо