Комадагы аялды зордуктоого оорукана кызматкери шектелип кармалды


АКШда 10 жылдан бери комада жаткан аял көз жарды. Аялды зордуктаган деген шек менен оорукананын кызматкери кармалганын  РИА маалымат агенттиги жазып чыкты.  

Аризона штатындагы Финикс шаарынын полиция жетекчиси Жери Уильямстын маалыматы боюнча ДНК тестинин жыйынтыгы жарыкка келген ымыркай кармалган кишинин баласы болуп чыкты.

ДНКнын жыйынтыгынан кийин 36 жаштагы Натан Сазерленд адам зордуктоого шектелип кармалды. Ал Hacienda медициналык борборунда кичи медициналык кызматкер (медбрат) болуп иштечү.

“Биз бул резонанс жараткан окуя боюнча күнү-түнү тынымсыз иликтедик. Учурда териштирүү иштери уланып жатат” ,-деп билдирди полиция жетекчиси Жери Уильямс.

Буга чейин  АКШнын Феникс шаарынын полициясы 10 жылдан ашык убакыттан бери комада жаткан аялдын зордукталышы боюнча териштирүүнү баштаганын маалымдалган. Окуя Hacienda медициналык борборунда болгон.

Жабырлануучу 10 жыл мурда сууга чөгүп кете жаздап, ооруканага жаткырылган. Ошондон бери өзүнө келе элек. Аял 29-декабрда төрөгөн, бирок бул боюнча расмий маалымат эми эле жарыяланды.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо