Ажатканада үй-бүлө жашаганы чынбы? Жооптуулар үн катты - Т-медиа

Ажатканада үй-бүлө жашаганы чынбы? Жооптуулар үн катты

Ош мэриясы коомдук ажатканада үй-бүлө жашайт деген маалыматты четке какты. Социалдык өнүгүү башкармалыгы болсо тескерисинче ырастап жатат. 

Ажаткананын кассасында баш калкалап жаткан үй-бүлө тууралуу материал апта башында Т-media.kg  сайтында жарыяланган. Ал социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрымдары чындыкка дал келбейт деп ишенбей турушат.

Биздин редакция үй-бүлөнүн кожейкесинин айткандарын тактап көрдү. Экинчи жолу берген интервьюсунда да Гүлзада Нарбаева ижарада иштеткен ажатканасында жашашын бышыктады.

«-Ажатканын кассасында жашап жатканыбыз чын. Күйөөм экөөбүз эки балабызды алдыбызда алып, отуруп уктайбыз. Кассанын ичи тар болгондуктан алмашып уктоого туура келет. Шаарга жумуш издеп келгенибизден бери ушинтип жашайбыз. Вагон да бар, бирок ал жак суук. Жайында деле жашаганга мүмкүнчүлүк жок»,-деди Гүлзада Нарбаева.

Үй-бүлө баш калкалаган ажаткана Ош шаарынын Кулатов кичи районунда жайгашкан. Бир адамдын отуруп иштөөсүнө ылайыкташкан кассада төрт киши кантип уктайт деп жатсаңыз видеодон көрүңүз.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Гүлзада Нарбаеванын айткандарын ырастайт. Алар аталган мекемеге 2016-жылы кайрылып, эки баласына жана өздөрүнө өздүгүн тактаган документ алышкан.  Ага чейин күйөөсүнүн жана эки баласынын эч кандай документтери болгон эмес деп билдирди аталган ишкананын кызматкери Гүлзина Раева.

«-Ошол жерде жашап жатышат. Биз аларды 3 жыл мурун каттоого алганбыз. Балдарын шаардагы жатак мектептердин бирине киргиздик. Азыр алар жатып окушат. Биз тиешелүү жардамдарды көрсөттүк. Эми аларга үй керек деп жатышат. Аны биз чече албайбыз. Мэрияга кайрылгыла дегенбиз»,-деди Гүлзина Раева.

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров ажатканада үй-бүлө жашайт дегенди төгүнгө чыгарды. Айтымында, алар ижарадагы ажатканасында эмес, вагондо жашайт.

«-Чынында алар ажатканада иштешет экен. Бирок ажатканын ичинде жашайт деген бир да факт жок. Ошонун жанындагы вагончик бар. Азыр ал жерде снос иштери башталганына байланыштуу бузуу иштерине каршы болуп жаткан эжеге карайт. Атын айтыштын кереги жок. Бул атайын көтөрүлүп жаткан маселе болушу мүмкүн«,-деди Азамат Абсаттаров.

Кулатов кичи шаарчасынын Б.Осмонов көчөсүнүн эки тарабына аллея курула турган болгон. Жыл башынан бери Ош мэриясы сейил бактын курулушуна тоскоол болгон соода жана тейлөө мекемелерин буза баштады.

Ажатканада катаал шартта жашап жатам деген Гүлзада Нарбаеванын Араван районунда 7 сотых жери болгондуктан райондук социалдык өнүктүрүү фонду айына 2500 сом пенсия төлөйт.

 

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо