Активист Ош мэриясынын кызматкерин сотко берди


«ИнтерБилим» коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гулгакы Мамасалиева Ош шаардык мэриясынын мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмүнүн жетекчиси Эшмурат Аматовду сотко берди. 

Бул тууралуу «Т-Медиага» Гулгакы Мамасалиева өзү билдирди. Айтымында, Кулатов кичи районундагы соода күркөлөрүн бузуу иштери жүрүп жаткан учурда Эшмурат Аматов «ИнтерБилим» коомдук уюму жаңжалдын артынан акча таап иштейт деп шылдыңдаган. Мамасалиева аны далилдеп берүүсүн талап кылып сотко берген.

Активист бул тууралуу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына да жазды.


Мамасалиева Ош шаардык сотуна бардык коомдук уюмдардын аброюнуна жана менин кадыр-баркыма шек келтирди деген арыз менен Эшмурат Аматовдон 65 миң сом доо койгонун билдирди.

«Мен сизди канча жылдан бери тааныймын. Дайыма ушундай чырдын үстүнөн акча кылып үйрөнүп калгансыз деп айтты. Биз үн чыкпай койсок грант алган комдук уюмдар чыр-чатак кылганга кызыктар деп ойлоп жатышат. Мен вице-мэрге жана башка кызматкерлерге айттым. Алар эч кандай реакция кылган жок. Демек алар кызматкерлерин колдоп жатышат»,-деди Гулгакы Мамасалиева

Ал эми Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров бул ишке мэрия кийлигише албай турганын, сотто чечишип алсын деп билдирди.

«Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Мыйзамды сыйлаган мамлекетте жашайбыз. Ар кимдин сотко беришке жана соттошууга акысы бар. Демек өздөрү чечише турган маселе. Мен аны айтты айтпады деп айта албаймын. Алардын айтышканын уккан жокмун. Сотто чечишип алсын»,-деди Азамат Абсаттаров.

Гулгакы Мамасалиева мэриянын мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмүнүн жетекчиси Эшмурат Аматовдун үстүнөн Ош шаардык сотуна кечээ, 25-январда кайрылган. Сот  арызды 5 жумушчу күндүн ичинде карап чыгып жооп берет.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо