Янукович 13 жыл абак жазасына тартылды


Украинанын мурунку президенти Виктор Янукович 13 жыл абак жазасына тартылды. Мындай чечимди Киев Оболон аймактык соту чыгарды.

Чечим боюнча мурунку президентке «мамлекетке кыянаттык» жана «Украинага карата кол салууларга жардам берүү» кылмышынан 13 жыл эркинен ажыратылат.

Янукович мамлекетке кыянаттык менен Украинанын мамлекеттик чектеринин өзгөртүлүшүнө карата кыймылдарга жана Украинага карата кол салууларга жардам берүү кылмышы менен 2017 -жылы 4-майда сот жообуна тартылган.

Доонун башталышынан бери 89 сот болуп, чечим чыгаруудан мурда акыркы сөз үчүн бир нече жолу сотко чакырылган Янукович видео конференция жолу менен болсо да  катышууну четке каккан.

Прокурорлук мурунку президент Януковичтин 15 жыл абак жазасына тартылышын талап кылган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо