Йеменде замбиректин огунан 8 киши каза тапты



БУУнун Гуманитардык жардам боюнча координатору Лиз Гранде берген маалыматында Хажже шаарына караштуу Харад районунда жерлеринен ажыраган кишилер орун алган борборго замбиректин огу атылып, 30 жарандын да жаракат алганын белгилеп өттү.

Гранде Йемендеги кагылышууларда сокку жеген жарандарды коргоого колдон келишинче көмөк көрсөтүшөөрүн кошумчалайт. Жерлеринен ажыраган адамдардын ансыз деле көп нерсесинен ажыраганын жана аларга карай кол салуунун акылуу көрсөтүлө турган эч бир себебеи жок экенине токтолду.

Көптөн бери саясий баш аламандык өкүм сүргөн Йеменде Хусилер 2014-жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана башка аймактарда көзөмөлүн колго алышкан.

Сауд Арабия баштаган коалициялык күчтөр болсо 2015-жылдын март айынан бери Хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо көрсөтүүдө.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо