Бизнес-омбудсмен институтунун байкоочу кеңеши түзүлөт


Кыргыз өкмөтү бизнес-омбудсмен институтунун байкоочу кеңешин түзүү боюнча билдирүү жасады.

Өкмөттүн билдиришинче, биринчи кезекте бизнес-омбудсмен институтунун жогорку башкаруучу органы – байкоочу кеңеш түзүлөт. Ал үч тараптын – өкмөттүн, жеке сектордун кызыкчылыгын көрсөткөн бизнес-ассоциациялардын жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн турат.

Байкоочу кеңештин курамына кирүүгө талапкер бизнес-ассоциациялар үчүн төмөнкү критерийлер белгиленген:

— Кыргыз Республикасында ишкерлик субъекттеринин ишмердигин кыйла кеңири камтуу;

— бизнес-ассоциациялардын мүчөлөрү тарабынан салыктык чегерүүлөрдүн кыйла жогору көлөмү;

— бизнес-ассоциациялардын мүчөлүк төлөмдөрүн төлөгөн 50дөн кем эмес мүчөсү;

— 3 Тарапты (Байкоочу кеңештеги  бизнес-ассоциациялар блогун) түзүү учуруна карата 5 жылдык ишмердиги.

Өткөн жылдын соңунда «Ишкерлик субъекттеринин укутарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (Бизнес-омбудсмен) жакты түзүү жөнүндө» өкмөттүн токтомуна кол коюлган.

Бизнес-омбудсмен институту коррупциялык тобокелдиктерди, бизнес жана текшерүүчү органдар ортосундагы коррупциялык тобокелдикти азайтууга өбөлгө түзөт.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо