Индонезияда денге безгеги кайрадан күч алды - Т-медиа

Индонезияда денге безгеги кайрадан күч алды

Индонезия саламаттык сактоо министрлигинин  вектордук жана зооноздук оорулар мекемесинин директору Сити Надиа Тармизи жалпы өлкөдө январь айында 100дөн ашуун кишинин денге безгеги менен ооруп каза болгондугун билдирди.

Денге безгеги менен ооруган аймактар аныкталды. Индонезиянын Чыгыш Жава аймагында бул оору менен ооругандардын саны башка аймактарга салыштырмалуу эң көп катталып,  41 киши каза болду.  Тармизи Түндүк Сулавесиде 13 киши жана Чыгыш Нуса Тенггара аймагында да 12 кишинин көз жумганы айтылды.

Башка 16 аймакта бул оорудан каза болгондордун саны такталып жаткандыгы маалымдалды.

Тармизи денге безгеги вирусун ташыган чиркейлер жылдын башынан бери 372 аймакта катталып, жалпы 9634 киши денге безгек оорусу менен ооруп жаткандыгы билдирилди.

Жамгырлуу мезгилде денге безгеги жана ысытмадан коргонуу иштери жашоочуларга эскертилип, чиркейлердин арачылыгы менен жуккан бул ооруларды алдына алуу максатында дарылоо иштери аткарылууда.

Индонезияда денге безгегинен 2016 —  жылы 1598, 2017 —  жылы 493 киши каза болгон.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо