Тынчсызданткан жаңы электр тарифи. Эл пикири



Өкмөт быйылкы жылдын жаз мезгилинде электр энергиянынын жаңы тарифин бекитет. Азырынча 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясатындагы баалар ачыктала элек. 

Алдыда бекитилиши күтүлүп жаткан 4 жылдык тариф боюнча коомчулук баш катыра башташты. Эл жаңы тариф саясатында электр баасы кымбаттабайт бекен деп кыжаалат болуп турушат.

Айрымдары электр энергиясына болгон баа азыркы боюнча өзгөрүүсүз калсын дешсе, кээ бирлери электр баасы арзандаса деген үмүт менен турушат.

«T-Media Group» 2023-жылдарга чейин бекитилчү электр тарифи боюнча элден сурамжылоо жүргүзгөн. Элдин пикирин төмөнкү видеодон билсеңиз болот.

Кыргызстанда электр энергиясына тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо