АКШ Венесуэлага каршы күч колдонот



АКШ Венесуэлада аскердик күч колдонууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу республикачыл сенатор Линдси Грэм президент Дональд Трамптын айтканына таянып билдирип чыкты. 

Axios агенттигине маалымат берген Грэм Трамп менен Венесуэла темасындагы сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу айтып берди.

«Бул боюнча Трамп «Таң калып жатам сен баардыгын басып алууну каалаган бирисиң» деп жооп бергенде мен баардыгын басып алгым келбегенин, бир гана улуттук коопсуздугубуз коркунуч астында турганда аскердик күчүбүздү колдонгубуз келгенин айттым»,-деди Сенатор Грэм.

Грэм айрыкча Трамптын Венесуэла темасында «согушту жактаганын» да айтты.

Венесуэлада оппозиция жана бийликти жактагандар 23-январь шаршемби күнү өткөргөн митингдер өлкө менен аймак үчүн өтө орчундуу жагдайга себепчи болгон эле.

Мексика, Орусия, Куба, Кытай жана Боливия болсо Венесуэланын президенти Николас Мадуро өкмөтүнө колдоосун кайталап, Мадуро да окуялар боюнча АКШ менен дипломатиялык жана саясий карым-катнаштарын токтотконун билдирген эле.

Мадуро андан кийинки башка билдирүүсүндө, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын токтогонун бирок соода байланыштарынын улана турганын айткан болчу.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо