UFC: Хабиб 9 ай, Конор жарым жыл беттешке чыкпайт


UFC 299 турнириндеги жаңжалга байланыштуу NSAC комиссиясы эки мушкерди тең жазалады.

Комиссиянын чечимине ылайык  Хабиб Нурмугамедов 9 ай беттешке чыкпайт жана 500 миң доллар айып пул төлөй турган болду. Ал эми Конор Макрегор болсо массалык мушташка катышканы үчүн жарым жылга дисквалификация алды. Мындан сырткары Конор 50 000 доллар айып пул төлөйт. Беттештен четтетүү мөөнөтү 2018-жылдын 6-октябрынан баштап эсептелет.

NSAC комиссиясы Хабиб Нурмугамедовтун командасындагы Зубайра Тухугов менен Абубакир Нурмагомедовко да жаза чарасын чыгарышкан.

Ага ылайык Зубайра Тухугов 1 жыл беттештерден четтетилет жана 25 000 доллар айып пул төлөйт.

Ал эми Абубакир Нурмагомедов да 1 жылга дисквалификация алып, Абубакир да 25 000 доллар төлөө милдеттендирилди.

Эскертсе кетсек 2018-жылдын октябрь айында UFC 299 турнири болуп, Хабиб Нурмугамедов Конор Макрегорду муунту ыкмасы менен жеңип алган. Бирок беттештен кийин Хабиб 8 бурчтуктан секирип чыгып, Конордун командасына атырылган. Мындан улам массалык жанжал чыккан болчу.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо