Венесуэла АКШдан расмий жооп күтүүдө


Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза БУУнун келишиминин эч бир беренеси өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигише албастыгын белгиледи.

Министр Арреаза Венесуэланын тышкы иштер министрлигинде өткөргөн маалымат жыйынындагы билдирүүсүндө: «БУУнун келишими өлкөлөрдүн бирдей жана эгемендүүлүгү принцибине негизделген. Бул принциптерге дүйнөнүн бардык өкмөттөрү тарабынан урмат-сый көрсөтүлүшү керек»,-деп айтты.

Арреаза Венесуэла менен АКШнын ортосундагы мамиле төңкөрүш менен чеилбей турганын айтты. Ал АКШнын Венесуэланын ички саясатына кийлигишүүгө укугу жоктугун баса белгиледи.  БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш жана Башкы Ассамблеянын төрайымы Венесуэла өкмөтү менен оппозициянын ортосунда эл аралык ишеним астында диалог жүргүзүү сунушун айта тургандарын билдирди.

Америкалык жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматтагыларды «кордоочу» деп сыпаттаган Арреаза: «Венесуэла катары АКШга каршы баш мыйзам жана эл аралык келишимдерге ылайык жакшы ниет менен мамиле кылып жатабыз. Ушундай эле нерсени АКШдан да күтөбүз. Президент Мадуро эгерде президент Трамп менен жолугушуусу керек болсо муну аткарат»,-деп айтты.

Министр Арреаза Испания, Германия жана Франция сыяктуу айрым Европа өлкөлөрүнүн Венесуэлада кайрадан шайлоо талап кылып, «зор карама-каршылык» деп саресеп салды.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо